Бул тууралуу премьер-министр Игорь Чудиновдун жетекчилиги менен бүгүн өткөрүлгөн жыйында айтылды. Ага ылайык кыргыз өкмөтү дыйкандарды экономикалык жактан колдоо иретинде 40 миң тонна 3-класстагы буудайдын 1 кг 10 сомдон сатып алмакчы. Мынчалык өлчөмдөгү буудайды сатып алуу үчүн мамлекеттик резервдер фондундагы дизелдик күйүүчү майды сатуу каралды, мындан тышкары 200 млн сомду табуу “Агпродкорпорация” ишканасына жүктөлдү. Жыйында айтылгандай кыргыз өкмөтү дыйкандардан ун чыгарууга ылайыктуу 3-класстагы буудайды гана килин 10 сомдон сатып алат, андан төмөнкү класстагылары базар баасында сатылып алынмакчы.
Жыйында ошондой эле дыйкандарга жазында берилген насыя акча дагы алардан буудай алуу менен жабылары айтылды, деп билдирет кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылы жалпысы болуп 1,2 млн тонна эгин жыйнап алуу максатталууда. Анын ичинен 925 миң тоннасы буудай, 259 миң тоннасы арпа жана башка дан эгиндери.(ZKo)