Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Жалалабаттык экологдор тынчсызданууда


Облустун Сумсар жана Шакафтар айылдарында 1946-1957- жылдары иштетилген ден-соолукка зыяндуу уран калдыктары зыянсыздандырылган эмес. Бул тууралуу билдирген Жалал-Абат аймактар аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын маалыматында аталган радиоактивдүүлүгү төмөн жана кондициялык эмес кендердин калдыктарын жергиликтүү калк пайдаланууда. № 1 калдыктар жайы менен гидро техникалык курулуштар бузулуп, табиятты булгоочу оор металлдардын туздары Сумсар дарыясына агып түшүүдө. Марганецтин көлөмү талаптагыдан 9 эсе, кадмийдин көлөмү белгиленген өлчөмдөн 320 эсе ашык.1950-1978 – жылдары бул жерлерден коргошун, цинк, жез, кремний кени өндүрүлүп турган. (YA)

XS
SM
MD
LG