Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Түштүк Осетия менен Абхазияда салтанаттар өттүүдө


Түштүк Осетия жана Абхазия бүгүн Орусиянын алардын Грузиядан көз карандысыздыгын тааныгандыгынын бир жылдыгын белгилешүүдө. Бул эки жикчил аймакта тең өтүп жаткан салтанаттар майрамдык концерт, фейерверктер менен коштолууда. Бүгүн Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойты Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен Москвада жолугушмакчы. Өткөн жылы августта Грузия менен кыска мөөнөттүү согуштан кийин Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын Тблисиден көз карандысыздыгын тааныган. Бүгүнкү күнгө чейин эки аймактын көз карандысыздыгын Никарагуадан башка эч бир үчүнчү өлкө тааный элек.

XS
SM
MD
LG