Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

НАТОнун башкатчысы Түркиядагы сапарын баштоодо


Бул - НАТОнун башкатчысы болуусуна Анкара учурунда каршы чыккан Андерс Фог Расмуссендин Түркияга альянстын башчысы катары алгачкы сапары. Ал эки күндүк сапары учурунда Анкарада президент Абдулла Гүл, премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү белгиленген.

Даниянын мурдагы премьер- министри Расмуссендин НАТОнун башкатчылыгына дайындалуусуна Түркия бир чети ал 2005-жылы даниялык гезиттин Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялоо чечимин колдогонунан улам каршы чыккан. Алгач даниялык гезит басып чыккан ал карикатуралар мусулмандар арасында катуу нааразылык жараткан.

Иш сапарды утурлай “Миллиет” гезитинде жарыяланган интервьюсунда Расмуссен Түркия Ооганстандагы аскерлеринин мандатын кеңейтерин ишара кылды. НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн курамында учурда Түркиянын 700 жоокери бар. Бирок алардын мандаты Кабул чөлкөмү менен гана чектелген. НАТО башкатчысы ошондой эле Түркияны жана салттуу атаандашы Грецияны жакшыраак кызматташууга чакырып, алардын эки тараптуу алакасындагы проблемалар уюмдун Ооганстандагы аракеттерине таасир берип жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG