Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Бүгүн президент Токмок шаарына барат


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Токмок шаарынын кире беришиндеги автовакзалдын түштүк тарабына орнотулган Манап бийдин эстелигинин ачылышына катышат. Манап бий 16-кылымда эл-жеринин эгемендүүлүгү үчүн ошол мезгилде эки жүз жылдан ашуун бийлигин орноткон Чыңгызхандын урпактары жана калмактар менен күрөшүп, түндүк кыргыздардын башын бириктирип, бириккен аскер курап тышкы душмандардан сактаган. Манап бийдин өзгөчө 1619-1625-жылдары кыргыз элинин коомдук-саясий өнүгүүсүнө жана өз алдынча мамлекет түптөөгө кылган аракети тарых барактарында калган. (AJ)

XS
SM
MD
LG