Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Молдовада жаңы парламент ишке киришүүдө


29-июлдан кийин куралган парламент бүгүн алгачкы отурумуна чогулууда. Анын алдында премьер- министрди дайындоо, кызмат мөөнөтү аяктаган президент, коммунист Владимир Воронинди алмаштыруучу мамлекет башчыны шайлоо милдеттери турат. Соңку шайлоонун натыйжасында Ворониндин Коммунистик партиясынын парламенттеги орундары азайды. Батышчыл төрт партиянын коалициясы 101 орундун 53үн жеңип апды. Бул өкмөт куруу үчүн жетиштүү, бирок президентти шайлоо үчүн 61 добуш талап кылынат. Коммунисттик партия либералдар менен коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, парламентте өз тобун уюштурарын билдирди.

XS
SM
MD
LG