Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

Ооган-Пакистан чегинде 20дан ашуун киши каза тапты


Чек арадагы ири өткөөл бекеттин Пакистан тарабында жасалган жардыруудан каза тапкандар - Пакистандын коопсуздук күчтөрүн кызматкерлери. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жөө басып келген жанкечти жардырууну чек арадагы сакчылар ооз ачуу үчүн чогулган кезде жасаган.

Окуя Пакистандын Хайбер чөлкөмүнүн НАТОнун жүктөрүн Ооганстанга өткөргөн ири чек ара бекетинде болду. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок пакистандык талибдер шектелүүдө.

Бул – пакистандык талибдердин жол башчысы Байтулла Мехсуд быйыл
5- августа АКШнын ракеталык соккусу менен жок кылынгандан бери Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган алгачкы ири кол салуу болду.

XS
SM
MD
LG