Бийликтерге ылайык, жан кечти тартип коргоочуларды машыктыруучу жайга кирип келип, өзүн жардырганда жараат алгандар да болду. Пакистан армиясы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сват өрөөнүндөгү бардык талип согушкерлерин сүрүп чыгардык деп ырастап жаткан. Мындан бир нече күн мурда да Ооганстан менен чек арадагы өткөөлдө жанкечтинин чабуулунан 22 чек арачы набыт кеткен.