Демократиячыл партия жеңип алса, концервативдик Либерал-демократиячыл партиянын жарым кылымдан ашык үзгүлтүксүз бийлиги бүтөт. Маалымат каражаттары жүргүзгөн добуш бергендерди сурамжылоо Демпартия парламенттин төмөнкү палатасындагы 480 орундун 300дөн ашыгын утуп алышы мүмкүндүгүн көрсөтүүдө. Либералдык-демпартияны шайлоочулар экономика терең кризиске учурап, жумушсуздуктун болуп көрбөгөндөй өсүшү үчүн күнөөлөшүүдө. Жапония дүйнөдөгү эң бай экинчи өлкө деп саналат.