Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Президенттин кубогун “Бөрүлү” жеңип алды


Бишкектеги “Ак кула” ат майданында президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш соңуна чыкты.Финалдык беттеште Ички иштер министрлигинин “Бөрүлү” командасы Талас облусунун курама командасын 7-1 эсебинде утуп алды. Жеңүүчүлөргө мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кубокту тапшырды. Ал эми экинчи орунга ээ болгон командагы сыйлыкты президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов берди. Эки команданын финалдык беттешүүсүнө президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө болду . Президенттин кубогу үчүн көк бөрү таймашы жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлөт. Быйылкы жылкы мелдештин байгеси 2.5 миллион сом болду. Анын ичинен 1 миллион сом жеңүүчү командага тапшырылды.(AiT)

XS
SM
MD
LG