Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Түркия менен Армения дипломатиялык алакаларды түзөт


Түркия менен Армения дипломатиялык алакаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бурак Өзүгергин билдирди. Армения 20-кылымдын башында Осмон имериясы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында жана андан кийин 1 жарым миллион армянды массалык өлтүргөн деп ырастап келет. 1991-жылы Түркия Армениянын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. Бирок бул эки өлкө эч качан дипломатиялык мамилелерди түзгөн эмес. 1993-жылы эки өлкө ортодогу чек араларын жапкан.

XS
SM
MD
LG