Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Анкара - Ереван дипломатиялык алака түзүүгө даяр


Түркия жана Армения дипломатиялык алака түзүүнүн үстүнөн иштөө жөнүндө макулдашышты. Мындай билдирүүнү дүйшөмбүдө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жасашты. Швейцариянын арачылыгы менен өткөн сүйлөшүүлөр бир жылга созулду. Тараптар тиешелүү протоколго кол коюлаардын алдында ички талкуулар өткөрүлөөрүн жарыялашты. Документ эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек. Түркия менен Армениянын мамилелери 20-кылымдын башынан бери начар болуп келген. Армения жана бир катар өлкөлөрдүн ырастоосунда, Осмон империясы учурунда 1 жарым миллиондой армян тукум курутка учураган. Түркия геноцид жөнүндөгү айыптоолорду четке кагып, 200 миңдей армян Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепеттеринен курман болгон деп келатат.

XS
SM
MD
LG