Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Кыргызпатенттеги реформа тууралуу маалымат берилет


Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кабарлаганы боюнча тармактагы реформа КG домендик зонасын башкаруу жана түзүүнү мамлекетке өткөрүү менен байланыштуу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызпатенттин башчылыгы КG улуттук домендик зонасына кошулуу тартибинин жана келишиминин долбоорун журналисттерге тааныштырмакчы.

Буга чейин "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбектин дарегине патенттик ишенимдүү өкүлдөрдөн акча талап кылып, кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып жатат деген айыптар айтылган. Ага интернетте "Кыргызпатенттеги" жыйындын аудиокөчүрмөсү жана стенограммасы себеп болгон. Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптап келет.

Муну жалганга чыгарган "Кыргызпатенттин" башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG