Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Мыйзам бузган чет өлкөлүк мигрантар көбөйүүдө


Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев парламентте Кыргызстан коммунисттери фракциясынын кеңешмесинде “Тышкы эмгек миграциясы" жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган маалда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 70 миңге чукул чет өлкөлүк жарандар жашайт. “Кыргызстандын аймагында жашоо жана кирүү боюнча мыйзамды бузган чет өлкөлүк мигранттардын төрт жарым миңи административдик жоопко тартылышты. 2007-жылы 4 миң 952, 2008-жылы 7 миң 734 чет өлкөлүк жаран административдик жоопко тартылышкан”,-дейт Т.Исаев. Ал ошондой эле Ооганстан, Пакистан, Сомали, Шри-Ланканын жарандары Кыргызстанды транзиттик өлкө катары пайдаланууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Бул маселе боюнча мыйзамды күчөтүүнү жана эрежелерге толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коммунисттер фракциясы колдоду. (AJ)

XS
SM
MD
LG