Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Ирандын парламенти кабинет тизмесин колго салат


Ирандын парламенти бүгүн президенттин кабинет тизмесин колго салат. Махмуд Ахмединежад сунуш эткен тизмеде 21 талапкерлер бар. Алардын айрымдары министрлик кызматка тажрыйбасы жетишпейт деген пикирлер айтылууда. Бүгүнкү добуш берүү июндагы президенттик талаштуу шайлоодо кайра шайланган Ахмединежад үчүн сынак болуп калмакчы. Төрт жыл мурда парламент анын кабинетке көрсөткөн төрт талапкерин четке каккан болчу. Эгер кайсы бир талапкер депутаттардын элегинен өтпөй калса, президент үч айдын ичинде жаңы адамды сунушташы керек.

XS
SM
MD
LG