Кытайдын Шандун вилайетинде химиялык заттарды ташып бараткан унаа жарылып, 18 киши мерт кетти, дагы он адам оор жаракат алды. Жарылуу Лини шаарында унаадан химиялык заттарды түшүрүп жатканда болгон. Азырынча унаада кандай зат ташылып баратканы белгисиз.