Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Хамид Карзай алган добуштардын саны көбөйдү


20-августта Ооганстанда өткөн шайлоодо учурдагы президент Хамид Карзай алган добуштардын саны көбөйдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуштардын үчтөн экиси эсептелип чыкты. Ага ылайык, Карзай 47 жарым пайыз добушка ээ болгон. Карзайдын негизги атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла болжол менен 33 пайыз добуш алган. Эгерде шайлоодо эч бир талапкер 50 пайыздан ашык добуш алалбаса, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG