Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Депутат И.Карамушкина куугунтук токтотууну талап кылды


Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Балыкчыда митингке катышкандыгы үчүн айыпсыз камалган адамдарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Анын айтымында, камалгандардын жактоочулары алардын күнөөсү жок экендигин далилдесе дагы айыптоочу тараптын бир сөзү менен өкүм күчүндө калтырылган. Ал ошондой эле айрым чиновниктердин күнөөсүн карапайым калк тартып жатканын кошумчалады. 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчы шаарында таза жана адилет шайлоону талап кылып мэрияга келген учурда милиция кызматкерлери тарабынан 14 адам кармалып камакка алынган. Аларга конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет жасады деген айып коюлган. Экөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп тил кат менен абактан чыгарылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG