Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Ж.Назаралиев:Оппозицияга жаңы адамдар керек


Бул тууралуу доктор Жеңишбек Назаралиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыркы оппозиция каржы жагынан кыйналып жатканы менен оппозициядагы адамдар, саясий партиялар баштары бирикбей, “өз көмөчтөрүнө күл” тартып бирикпегенинен улам алардын идеялары ишке ашпай калууда. “ Көп жылдан бери оппозиция лидерлери болуп келаткан Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар элдин жүрөгүнө эски кишилер болуп, ишенич жок болуп калды. Эгерде оппозицияга жаңы адам келсе балким элдерди бириктирип, накта оппозиция болуп чыгат деген оюм бар”,-деди Назаралиев. Ал ошондой эле оппозицияга дагы, бийликке дагы кошулбай коомдогу терс көрүнүштөргө өз көз карашын эркин, ачык айта берүүдөн тайбастыгын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG