Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Индонезияда куткаруу иштери жүрүүдө


Өлкөнүн Ява аралында күчү Рихтер таякчасы боюнча 7 баллды түзгөн зилзаладан кеминде 46 адам каза тапты, 400дөн ашуун киши жаракат алды. Ондогон кишилер дайынсыз жоголду деп эсептелип жаткандыктан жана куткаруучулар али айрым алыскы аймактарга жете электигинен улам курмандыктардын саны өсүүсү мүмкүн. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Ява аралынын батышында жер титирөөдөн улам миңдеген турак –үйлөр талкаланды. Баарынан көп Сианджур деген район жапа чекти. Башкаала Жакартадан 100 чакырым алыстыктагы бул райондо жер титирөөнүн артынан жер көчкү жүргөн.

XS
SM
MD
LG