Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Иран коркутууга жана кысымга моюн сунбайт


Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча “кысымга жана коркутууларга моюн сунбасы” жөнүндө өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хассан Кашкави билдирди. Мунун алдында кечээ БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды талкуулаган жыйынын Франкфуртта өткөрүшкөн жана Тегеранды анын маселеси ушул айда БУУнун башкы ассамблеясында каралганга чейин сүйлөшүү столуна кайтууга чакырышкан. Бул жолугушуунун алдында Ирандын өзөктүк программаны тейлеген башкы өкүлү анын өлкөсү жаңы сүйлөшүүлөргө даяр экенин жана жаңы сунуштарды камдап жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG