Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Э. Бөлөкбаев Беловодскидеги үйүн сатууга аргасыз


Бул туурасында бүгүн “Жашылдар” партиясынын төрага орун басары Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымына караганда, буга абактагы кылмыш дүйнөсү белгилүү саясатчы Э. Бөлөкбаевден ири суммада акча талап кылгандыгы себеп болгон. “Учурда Э. Бөлөкбаев менен бирге камакка алынышкан жергиликтүү лидерлер Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловдун абалы болсо орточо. Бирок алар ММКна толук маалымат берүүгө каршы болушууда”,- деген маалыматты адвокат Касымбек Райымкул уулу “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Жаза өтөө мекемелер башкармалынын маалымат катчысы С. Сидоров учурда камалгандардын абалы жакшы экенин айтат. Үстүбүздөгү жылдын 21- августь күнү укук коргоочу Азиза Абдырасулова Петровка окуясына байланыштуу камакка алынгандардын коопсуздугу коркунучта экени туурасында “Азаттыкка” маалымат берген. Аталган окуядан кийин бир катар укук коргоочулар президентке жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошкон. (JJ)

XS
SM
MD
LG