Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

«Айыл банкка» 125 млн. сом бөлүнөт


Мынча каражат «Айыл банкка» кыргыз өкмөтү тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында бөлүнүп берилди. Өкмөт башчы Игорь Чудинов кечээ кол койгон буйрукка ылайык аталган банк бул каражатты жылдык үстөк пайызын 12% ашырбай айылдык товар өндүрүүчүлөргө насыя катары берүүгө тийиш. 125 млн. сом каражат келерки жылдын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында күзгү айдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында бөлүнүүдө, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Дыйкандар аз үстөк пайызда насыя акча алуу кыйынчылыкка туруп жаткандыгын белгилеп, нааразылыктарын билдирген учурлар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG