Өткөн жылы 24-августта кыйраган «Боинг-737» учагына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сот ишинде 27 жабырлануучу бар. Кечээки сот жараянында алар Бишкек-Тегеран каттамы боюнча учууну уюштурган Итек-Эйр, Асеман Эйр аба компанияларына жана бир катар камсыздандыруу компанияларына карата ар бири 300 миң доллардан ашуун доо айып төлөп берүү талабын коюшту. Мунун ичинен 156 миң долларын жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу компаниялары төлөп берүүгө тийиш. Дагы 150 миң доллары моралдык чыгым катары бааланууда. Доо айыптын өлчөмүн көбөйткөн жабырлануучулардын айрымдары өткөн жылы аба компаниялары менен тынчтык келишимин түзүп, 20 миң доллардан компенсация алышкан.
Ишти карап жаткан сот камсыздандыруу полиси иш материалдарына тиркелбегенине байланыштуу «Итек-Эйр» компаниясынан аны алып келүүнү талап кылып, ага чейин бул маселени ачык калтырды.
2008-жылы 24-августтагы «Боинг-737» учагынын кыйроосуна байланыштуу сот иши кийинки жумада уланат.(ZKo)