Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АКШнын Кабулдагы элчилигинде көзөмөл күчөтүлөт


АКШнын Ооганстандагы элчилиги коопсуздук кызматкерлине карата көзөмөлдү күчөтүүнү буйруду. Буга Кабулдагы элчиликте орун алган тартип бузуу фактылары себеп болду. Кечээ элчи Карл Эйкенберри жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери бул маселени такуулоо үчүн чогулушкан. Буга чейин кабарлангандай, Өкмөттүн ишине көз салуу долбоору аттуу бейөкмөт уюм АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго кат жолдогон. Анда элчиликти кайтарган күзөтчүлөр имаратта шарап ичип, мас болуп, бейбаштык кылганы айтылат. Көп өтпөй АКШнын Мамлекеттик катчысы Кабулдагы элчиликте орун алган тартип бузуу фактыларын иликтөөгө буйрук берди.

XS
SM
MD
LG