Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Р.Гейтс: “Ооганстан стратегиясы иштей баштады”


АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстандагы террордук уюмдарды жок кылуу боюнча стратегиясы “эми иштей баштады, андыктан натыйжага жетүү үчүн дагы убакыт керек”. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Вашингтондогу маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Гейтс Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу үчүн убакыт келди деген пикирлер менен макул болбогонун белгиледи. АКШда коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Ооганстандагы согушту колдогондордун саны азайууда. 31-августта НАТОнун Ооганстандагы контингентинин командачысы генерал Стэнли Маккристал өлкөдөгү абалга байланыштуу АКШнын аскерий жетекчилигине атайын доклад жөнөткөн. Байкоочулардын баамында, Стенли Вашингтондон Ооганстанга кошумча каражат жана аскер күчүн сурары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG