Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Президент институттары боюнча жумушчу топ түзүлдү


Президенттин жана Кыргызстанды өнүктүрүү институттарынын структурасын жана алардын иштөө жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча топ түзүлдү. Мындай жардыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жумушчу топ сунуштарды 22-сентябрга чейин тапшырууга милдеттендирилди. К. Бакиев 1-сентябрда Жогорку Кенеште мамлекеттик башкарууну өзгөртүү боюнча сөз сүйлөгөн. Анда өзүнүн администрациясында өкмөттүн функциясын кайталаган кызматтар, мамлекеттик катчылык институту жана президенттин кеңешчилери жоюлганын билдирген. Анын ордуна жогорку курултай жана президенттик кеңешме институттары түзүлөрүн айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG