Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Аргентина Иран министринин бекитилишине нааразы


АКШ жана Аргентина Ирандын коргоо министрлигин жетектөөгө Ахмад Вахидинин дайындалышын айыпташты. Анын талапкерлигин кечээ парламент жактырган. Вахидинин Буэнос-Айресте жөөттөрдүн борборунда болгон жардырууга тиешеси бар деп шектелүүдө. 1995-жылы блгон кол салуудан 85 киши набыт кеткен. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Кроулей Иран коргоо министри кылып терроризм үчүн шектелген адамды дайындоо менен "артка кадам жасады" деп билдирди. Аргентинада жардырууну иликтеген прокурор Алберто Нисман Вахидинин дайындалышын теракттан курман болгон адамдардын жакындарын кордоого теңеди. Тегеран кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG