Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Британия экономиканы колдоону улантууга чакырууда


Британ премьер-министри Гордон Браун мындай чакырыкты Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин Лондондогу бүгүнкү жыйыны учурунда жасады. Ал белгилегендей, глобалдык экономикага көргөзүлүп жаткан чукул жардамды токтотууга азыр абдан эле эрте, бул “чоң жаңылыштык” болот жана “оңолуунун баштапкы белгилерин” жокко чыгарат. Британ өкмөт башчысынын айтымында, дүйнө лидерлери экономиканы стимулдаштыруу үчүн убада кылган 5 триллион доллардын жарымынан көбү али ажыратыла элек. Гордон Браун Чоң жыйырманын өкмөттөрүн экономиканы колдоо боюнча чараларды мурда пландалгандай аягына чыгарууга үндөдү. Каржы министрлери болсо Лондонго Чоң жыйырманын 24-25-сентябрда АКШнын Питтсбург шаарындагы саммитине даярдык көрүү үчүн жыйналды.

XS
SM
MD
LG