Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкентте жакында орун алган атышуунун чоо -жайын ачыктады. Милиция менен белгисиз куралчан топтун ортосундагы атышуу 29-август күнү кечке жуук орун алган эле. Бул учур Ташкентте өлкөнүн 1-сентябрдагы Эгемендик күнүн жана башкалаанын 2200 жылдык мааракесин утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлгөн кез болчу. Өзбектандын Башкы прокуратурасы өзүнүн ушул жума күнү таратылган расмий маалыматында Ташкенттин Шайхантауз районунун аймагында орун алган атышууну “атайын операция” деп мүнөздөп жана анын натыйжасында чет өлкөлөрдөгү террордук борборлордон күжүрмөн даярдыкта өтүп келген үч бандит, анын ичинде террордук топтун лидери Шавкат Махмудов жок кылынганы, башка активдүү мүчөлөрү кармалып, көрсөтмө берип жатканы айтылган. Башкы прокуратуранын маалыматында бул топ мурда Ташкенттин аймагында бир катар адамдардын өмүрүнө кол салганы да белгиленет.