Миңдеген аскерлерге Шинжаң –уйгур автоном районун борборун кайтарууда танктар колдоо көргөзүүдө жана темир тосмолор пайдаланылып жатат. Мунун алдында кытайлардын шаардагы баш аламандыгынан беш адам беш адам мерт болгон. Ханзулар шаарда ийне менен кол салуу фактылары орун алып жатканына нааразылык билдирип чыгышкан болчу. Кытайдын коомдук коопсуздук боюнча министри бул кол салуулар үчүн уйгур жикчилерин айыптады. Мындан туура эки ай мурда Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлардын кагылышуусунан 200дөй киши каза тапкан. Бул Шинжаңда этникалык жүйөөдөн улам акыркы ондогон жылдар ичи орун алган эң ири тополоң болду.