Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан оюндарда спорттун он беш түрү боюнча мелдештер болууда. Ага Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин спортчулары катышып жатат. 5-сентябрдан тарта башталган иш-чара 11-сентябрда жыйынтыкталат. Эл аралык Ысык-Көл оюндары 2001-жылдан тарта жыл сайын ушуну менен тогузунчу ирээт өткөрүлүп келет. (EBM)