Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

“Бир дүйнө” эл аралык фестивалы өтөт


Кыргызстанда адам укугун коргоо темасына арналган даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” аттуу эл аралык үчүнчү фестиваль болот. Анда жалпысынан он бештей тасма көрсөтүлөт. Иш-чара чет элдик жана жергиликтүү режиссерлордун жыйыны менен 21-сентябрда ачылат. Андан кийин тасмалар Бишкекте 22-25-сентябрь күндөрү көрсөтүлөт. Ал эми 28-30-сентябрда Кара-Кол шаарында, Нарында 1-3-октябрда, Ошто 8-10-октябрда, ал эми Исфана шаарында 13-15-октябрь күндөрү уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" фестивалды уюштуруп жаткан "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун кабарлашты. Аталган фестиваль Кыргызстанда биринчи ирээт 2007-жылы өткөрүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG