Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Оппозиция болочок пландарын жарыялайт


Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл эртең жыйынга чогулуп, кийинки кадамдары тууралуу маалымат берет. Элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди. Өзү башында турган жумушчу топ кыймылдын кийинки кадамдары тууралуу программа иштеп чыкканын, ал улуттук кеңешке сунушталарын маалымдады. Мындан ары оппозиция жаңы идеялардын негизинде иштерин, бирок негизги максат мурункудай эле үй-бүлөлүк башкарууну сындыруу болорун айтты. Оппозиция президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүдөн качпайт, буга чейин президент менен ачык-айкын форматта жолукккусу келерин билдирген, бирок өлкө башчысынын айткан сөздөрү менен кылган иши дал келбей жатат, дейт А. Бекназаров. К. Бакиев буга чейинки сүйлөгөн сөздөрүндө өлкөдөгү келишкис оппозициянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG