Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Балыкчы окуясы боюнча сот 11-сентябрда уланат


Бул тууралуу 23-июлда Балыкчыда кармалгандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыка” билдирди. Соттук териштирүү алгачкы ирет өткөн жумада башталып, бирок айрым адвокаттардын келбей калганына байланыштуу 11-сентябрга которулган. Балыкчы окуясы боюнча 14 адамга конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракеттенген, массалык баш-аламандык уюштурган жана шайлоону өткөрүүгө жолтоолук жасаган деген айыптар коюлууда. Адвокаттар жана оппозиция лидерлери өз кезегинде 23-июлда Балыкчыда оппозция тарапкерлери таза жана адилет шайлоо талабы менен гана чогулганын билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG