“Атуулдардын тынч жыйынга чогулуу, куралсыз митинг жана демонстранцияларды эркин өткөрүү укугу” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип Акыйкатчы институтунун алдында түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ тарабынан мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзам долбооруна Венеция комиссиясы менен ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институт боюнча бюросу тарабынан жыйынтык чыгарылган. “Бул мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлуп, октябрдын экинчи жарымында Бишкекте өтүүчү Борбор Азия боюнча адам укуктарына байланыштуу эл аралык конференцияда дагы талкууланат”,-дейт Турсунбек Акун. Өткөн жылы 2-октябрда өкмөттүн буйругу менен парламент депутаттары, өкмөттүн аппаратынан, адилет министрлигинин, мэриянын өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүлүп, анын төрагалыгына Акыйкатчы Турсунбек Акун дайындалган. (AJ)