Иш-чара 15-17-сентябрь күндөрү Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында өтөт. Улуттар уюмунун балдар кору - ЮНИСЕФтин өкүлү Ольга Гребенникованын “Азаттыкка” билдиришинче, жыйынга Борбор Азиядагы баардык мамлекеттерден делегаттар катышат. Анда аталган жумурияттардагы мектептердин орчундуу көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору талкууланмакчы. (EBM)