Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Түркмөнстан БААУга студенттерин жөнөтпөй жатат


14-сентябрда Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде түркмөн студенттери эмне үчүн келбей жаткандыгы талкууланат. Бул тууралуу университеттин коомчулук менен иштөө боюнча координатору Евгения Романовская билдирди.

Учурда бул окуу жайда 50 түркмөн студенти билимин улантып жатат. Алар жайкы эс алууда Кыргызстандан чыккан эмес. Айрым маалыматтарга караганда, Түркмөнстандан келе албай жаткан 100 студентке өлкөнүн билим берүү министрлиги тарабынан башка чет элдик жогорку окуу жайларда билимин улантуу сунушталган. Буга Түркмөнстан Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америкалык университетти жогорку окуу жай катары тааныбай тургандыгы себеп болгону айтылып келүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG