АКШ президенти Барак Обама “чоң жыйырмалыктын” саммитинде экономикалык кризистен чыгуунун концепциясы иштелип чыгарына үмүт артты. Экономикасы өнүккөн 20 өлкөнүн лидерлеринин саммити Питтсбургда 24-25-сентябрь күндөрү өтөт. Өткөн аптада Лондондо 20 өлкөнүн каржы министрлеринин жыйынында экономикалык кризистен чыгыш үчүн триллиондогон доллар керектиги айтылган.