Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бүгүн “Ак жол” фракциясынын депутатынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда жаңы окуу жылы ачылардан мурун Кыргызстандагы бардык орто мектептердин өрт коопсуздугуна даярдыгы текшерүүдөн өткөрүлгөн, натыйжада мектептердин 80% талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган. Министр ошондой эле айрым бийик тоолуу аймактарда өрт өчүрүү деполорунун жоктугун билдирип, жайында Токтогул районундагы тоолуу аймакта мектеп күйүп кеткен учурда аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчү машиналар жете албай калгандыгын маалымдады.
Фракциянын айрым мүчөлөрү өрт өчүрүүчү машиналар шаар ичинде да өрт чыккан жерге кечигип барарын белгилешти. Депутат Бегалы Наргозуев өткөн жылы Боинг-737 учагы кыйраган убакта “Манас” аэропортундагы өрт өчүрүүчүлөр 5-6 чакырым жерге жарым сааттан ашык убакытта кечигип барышкандыгын билдирди.(ZKo)