Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Депутаттык комиссияга коммунисттер да кошулду


Парламенттеги Коммунисттер фракциясы социал-демократтар фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча тиешелүү комитеттеринин чечимин бүгүн карады. Натыйжада коммунисттер социал-демократ кесиптешин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүү тууралуу чечимди колдоп, комиссиянын курамына өздөрүнүн өкүлүн –депутат Хаджимурат Коркмазовду кошуу сунушун кабыл алышты.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылган.

Кубанычбек Кадыров ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп сотко кайрылды.

23-июлда Балыкчы шаарында президенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктарга нааразы болгон эле жергиликтүү бийликтен шайлоону акыйкат өткөрүүнү талап кылышкан. Жергиликтүү бийлик күч органдары менен бирге аларды шайлоо өткөрүүгө тоскоол кылды, баш-аламандык уюштурду деп айыптап, камакка алган. Шайлоодогу мыйзамсыздыктарга нааразы болгон элдин ичинде ЖК депутаты Кубанычбек Кадыров да болгон. Оппозиция ага карата коюлуп жаткан айыпты саясий куугунтук деп баалоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG