Бул туурасында Оштогу райондор аралык эмгек инспекциясынын жетекчиси Махмуд Вахапов «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, акыркы жети ай ичинде жаш өспүрүмдөрдү оор жана акы аз төлөнгөн жумушка пайдаланган 152 факты аныкталды. Мындан тышкары мектеп жашындагы балдар базарларда, ишканаларда жана айыл чарба жумуштарында ыңгайсыз шарттарда иштешкендиги белгилүү болду. Ошондой эле түштүк аймагына мүнөздүү көрүнүш - окуучулардын эмгегин шакирт катары бекер пайдаланган кишилердин да саны арбыды. Ушундан улам жергиликтүү талдоочулар балдарды алдап же мажбурлап жумушка жалдагандарды катуу жазаламайынча, жогорудагыдай окуялар дагы көп кайталанаарын айтышууда. (ATo)