Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Саламаттык боюнча айыл комитеттери форумга чогулат


Улуттук форумга өлкөнүн бардык региондорундагы айылдык комитеттердин 160 өкүлү келет. Алар үч күнгө чогулуп, аткарган иштердин жыйынтыгын чыгарышат. Ден соолук боюнча айылдык комитеттер миңге жакын айылда түзүлгөн. Негизги максаты - саламаттыкты сактоо системасы менен кызматташуу аркылуу айыл тургундарынын ден соолугуна кам көрүү. Комитеттин өкүлдөрү бруцеллез жана гипертония сыяктуу дарттарга каршы профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүп келишет. Кыргызстанда алгачкы мындай комитет Нарын областында 2002-жылы түзүлгөн. Улуттук форум 9-11-сентябрда Бишкекте өткөрүлөт. Ал ден-соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбор жана саламаттыкты сактоо боюнча Кыргыз-Швед-Швейцариялык долбоор тарабынан уюштурулууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG