Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

БЭК саясий партияга айлануу жолунда


Бириккен оппозициялык кыймыл бүгүн жыйынга чогулуп, кыймылдын жобосуна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жаңы жободо оппозициялык күчтөрдү бириктирип, ирилештирүү менен бирдиктүү саясий партия түзүү аракеттери жазылган.

13 оппозициялык саясий партия жана кыймылдардан турган БЭК өткөн жылы 24-декабрда түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин кыймылды партия жетекчилеринен турган саясий бюро башкарып келген. Президенттик шайлоонун алдында БЭКтин курамынан “Ак шумкар”, “Асаба” саясий партиялары, “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы чыгып кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG