Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Москвада он жыл мурда көп кабаттуу үйлөр жардырылган


Бир катар жардырууларда бир нече көп кабаттуу үй талкаланып, 300дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган эле. 100дөн ашык курмандыктын урук-тууган, жакындары 1999-жылы 8-сентябрдын түнүндө жарылган үйлөрдүн бирининин алдындагы чакан эстеликке гүл чамбар коюшту. Жардыруу үчүн ал кезде өкмөт башына жаңы келген Владимир Путинди күнөөлөшкөн, бирок чечен козголоңчулары жардырууларды биз уюштурдук деп ырасташкан. Айрымдар жардыруулардын артында Орусиянын коопсуздук кызматтары турат деп чыгышкан. Үйү талкаланган Москва тургуну Виктор Захарчик Азаттыкка буларды билдирди:

– Биз ушул үйдө төрткүнчү кабатта жашачубуз. Жардыруунун толкуну менен терезелер күбүлүп түштү. Элдер «Тамеки тартпагыла, газ жарылды» деп сыртка чуркап чыгышты. Биз туугандарыбыздыкына бардык. Кайра келсек, үй бүт кыйрат калыптыр. Көп киши өлдү, бирок күнөөлүүлөр табылган жок, эч ким эч нерсе билбейт.

XS
SM
MD
LG