Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Иран өзөктүк программа боюнча сунуштарды даярдады


АКШ Ирандын ядролук бомба жасашы мүмкүндүгүнө "терең" тынчсызданат. Бул тууралуу сөзүндө МАГАТЭдеги америкалык элчи Глин Дейвиес «МАГАТЭнин соңку отчету Иран бир өзөктүк бомба жасоого жете турган аз байытылган уранга ээ же ага ээ болуунун алдында тургандыгын көрсөттү» деди. Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки бүгүн өлкөнүн ядролук программасы боюнча сунуштарын дүйнө державаларынын өкүлдөрүнө тапшырууда. Иран анда ядролук кызматташтык маселеси камтылганын айтууда, бирок Тегерандын бийликтери өзүнүн талаштуу атомдук иш-аракеттери боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр эмес экендиги айгине болууда.

XS
SM
MD
LG