Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов “Азаттыка” билдирди. Премьер-министрдин пикиринде, өзбек тарап былтыр сунуштаган 1 миң куб метрге 240 доллардан коюлган баа өтө кымбат. Ошол эле мезгилде газ боюнча сүйлөшүүдө суу маселеси байланыштырылган жок. Анткени экөө эки башка маселе катары каралып жатат. Өлкөдөгү экономикалык абалга токтолгон өкмөт башчы быйылкы жылы өсүш 1% тегерегинде болору күтүлүп жатканын белгиледи.(AiT)