Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

“Азаттык” Би-Би-Синин сынагында 2-орунга ээ болду


“Азаттыктын” сыналгы тобу жараткан “Үйбезерлер” деген аталыштагы документалдуу тасма Би-Би-Синин дүйнөлүк кызматы тарабынан жарыяланган сынакта 2-орунга ээ болду. Сынакка катышууга 21 арыз түшүп, анын ичинен алтоо тандалып алынган. Булардын ичинен “Ракета ТВ” телекомпаниясынын командасы 1-орунду, “Азаттыктын” сыналгы тобу 2-орунду алды.

“Үйбезерлер” документалдык тасмасы үйүнөн качып, көчө турмушун башынан кечирип жүргөн балдар жөнүндө тартылган. Тасманын продюсери –Бүбүкан Досалиева.(ZKo)

XS
SM
MD
LG