Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Мунайга болгон талаптын өсүшү күтүлөт


Эл аралык Энергия агенттигинин болжолунда, 2009-2010-жылдарда мунайдын дүйнөлүк баасы көтөрүлүп отурат жана бул өсүш Кытай менен АКШнын экономикасындагы күтүлгөндөн өйдө жылыштарга байланыштуу болот. Ошол эле убакта агенттик экономикалык оңолуу жай жүрөөрүн эскертти. Шаршембиде мунай чыгаруучу өлкөлөрдүн ОПЕК уюму чийки мунайдын өндүрүшүн туруктуу кармоого макулдашкан. Мунай азыр баррелине 72 доллардан өйдө баада сатылууда. Бул өткөн декабрдагы көрсөткүчтөн эки эсе жогору.

XS
SM
MD
LG