Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Молдованын коммунист президенти кызматынан чегинди


Бийликте 2001-жылдан бери турган Владимир Воронин бүгүнкү билдирүүсүндө кызматтан чегинүү менен бийликти батышчыл оппоненттерине өткөрүп берип жатканын жарыялады.

Быйыл июлда кайрадан өткөрүлгөн шайлоодо батышчыл багыттагы төрт партиянын коалициясы парламенттеги орундардын көпчүлүгүн жеңип алган.

Анын алдында апрелдеги шайлоонун арты тополоң менен коштолуп, оппозиция коммунисттерди добуштарды бурмалаганы үчүн айыптаган эле.

Батышчыл багыттагы партиялардын коалициясы акыркы шайлоодо парламенттен өкмөт куруу жетиштүү орун алганы менен президентти шайлоо үчүн добуштары жетишсиз;

Эгер президенттикке талапкерлердин бири 101 орундуу парламенттен кеминде 61 добуш ала албаса, ал кайра таратылуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG